www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамбет Мамакеев элди вакцина алууга чакырды

Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев кыргызстандыктарга кайрылып, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

94 жаштагы Мамакеев Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал начарлап, өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатканын эске салды:

«Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот».

Эске салсак, ал өзү 23-февралда Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборунана орусиялык «Спутник V» вакцинасын биринчилерден болуп алды.

«Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозалык алгачкы партиясы Бишкекке 22-апрелде жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости