www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Педофилдерди химиялык бычуу боюнча мыйзамды Алмазбек Атамбаев колдобой койгон”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Мен баланы зордуктаган кишини химиялык бычуу тууралуу мыйзам кабыл алуу маселесин 15-апрелде Жогорку Кеңеште көтөрдүм. Мындай мыйзам долбоору парламентте 2013-жылы кабыл алынган. Мен менен кошо ал долбоорго Турсунбай Бакир уулу дагы демилгечи болгон. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев чыгымдарын санап көрөлү деген. Негизи демилгечилер баарын санап жыйынтык чыгарып эсеп-кысапты бергенбиз. Бирок президент Атамбаев ага кол коюудан баш тарткан. Мисалы Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналган 26 жаштагы тургун кармалды. Азыр ошого кайрылсак. Себеби кайра эле ошондой иштер болуп жатат. Президенке кайрылат элем, келгиле, ошону киргизели. Азыркы жаңы Баш мыйзам боюнча Садыр Жапаров баардык мыйзамды колдогонго акысы бар экен. Андыктан бул мыйзамды дагы ишке ашыруу керек. Ошондо коомчулукта болуп жаткан айрым терс көрүнүштөргө бөгөт койобуз”, - дейт депутат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости