www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жыйынында эки депутат Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун таламын талашып айтыша кетти.

Алгач эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев Сооронбай Жээнбеков бийликте турган үч жылда эч нерсе өзгөрбөгөнүн, соңку эки жылда иниси Асылбек Жээнбеков менен "Раим миллион" башкарганын айтты.

Андан соң Шайлообек Атазов чыгып, кесиптеши туура эмес сүйлөп жатканын билдирди.

"Сооронбай Жээнбеков келгенде Раим миллион иштен кеткен эле. Ал болгону бир бажыда орун басар, полковник болчу. Мамлекетти башкардыбы же башкаруусуна жардам бердиби? Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып, социалдык тармакта каралай берип "Дордой", "Кара-Суу" базарларын отургузушту", — деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости