www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын делимитациялоо процессине салым кошо алат. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги өздүк булак билдирген.
"Мисалы, Казакстан менен чек араны тактоо боюнча бизде бай тажрыйба бар. Бул пайдалуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу өнөктөштөр да билишет", - деди агенттиктин маектеши.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча, Баткен районунун Как-Сай аймагында Тажикстандын Чек ара кызматкерлери "Достук" чек ара заставасында турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгарышкан. Кыргыз тарап да жооп иретинде курал колдонгон. Учурда ок атышуу уланып жатканы айтылды.
Буга чейин чыр Баткендин Булак-Башы аймагындагы чек арада башталган. Ок атышуунун натыйжасында 2 кыргыз аскери жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg