www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мени талкуу кылбай, элдин көйгөйлөрүн талкуу кылалы, иштейли. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирип, социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосу боюнча комментарий берди.

"Мен чет өлкөдө эс алган жокмун, өзүбүздүн Ысык-Көлүбүздө эс алдым. Өзүмдүн жеримде, өзүмдүн Ысык-Көлүмдө каалаганымдай эс алам. Ал эми видеону тараткандардын өз абийирине койдум", - дейт эл өкүлү Түлөбаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-июлда социалдык тармактын колдонуучусу депутат Балбак Түлөбаевдин «Costa Brava» пансионатындагы пирсте орун алган буу бөлмөдөн (парилка) чыгып, көлгө секиргени жаткан видеосун жарыялаган.

Окурмандар Ысык-Көлдүн жээгинде сауна жана буу бөлмөлөрдүн иштешине тыюу салынганын айтышып, аталган видео талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости