www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияда 40 жаштагы сенатор Ларисса Уотерс парламенттин жыйынында сүйлөп жатып жаңы төрөлгөн кызы Алия Жойду эмизген. Бул тууралуу The Sydney Morning Heral басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаш эне экинчи кызын төрөгөндөн бери жумушка биринчи ирет чыгып, парламенттик добуш берүүгө жаңы төрөлгөн ымыркайын кошо ала келген. "Менин кызым Алия федералдык парламентте эмген биринчи ымыркай экенине сыймыктанам! Парламентте аялдар менен ата-энелер көп болушу керек", — деп эл өкүлү өзүнүн Twitter баракчасына жазган. 

Уотерстин кесиптеши Кэти Галлахер эгер аялдар балалуу болуп ошол эле учурда иштегиси келсе, аларга атайын шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, парламентте бала эмизүүгө эки жыл мурун эл өкүлдөрүнүн бири Келли О'Дуайер жаңы төрөлгөн ымыркайын эмизүү үчүн залдан чыгып кеткенден кийин уруксат берилген. Ларисса Уотерстин мындай кадамы дүйнөдө алгачкы көрүнүш эмес.

Былтыркы жылы Бразилияда коммунисттерден чыккан депутат Мануэла Д'Авила да жыйында сүйлөп жатып кызын эмизген.
Булак: "Sputnik"

Последние новости