www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Белоруссияны Европада коронавирусту жайылтып жаткан алдыңкы өлкөлөрдүн бири деп атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Беларустагы өкүлү Батыр Бердыклычев Беларустагы коронавирус инфекциясынын жайылышы Европа чөлкөмүндөгү чоң көрсөткүчтөрдүн бири деп билдирген.

Анын айтымында, өлкөдө инфекциянын жайылышынын негизги себеби физикалык дистанциянын сакталбаганында. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Белоруссияга массалык иш-чараларды токтотууну, экинчи катардагы мекеме, ишканаларды токтотуп, дистанциялык окууну киргизүү керектигин, иш ордунда санитардык талаптарды киргизүүнү сунуштоодо.

1-майга карата Беларуста 14 миң 917 адам коронавирус жуктурганы маалым болгон. Андан 2 миң 918 адам айыгып, 93 жаран каза болгон. Ага карабай өлкөдө олуттуу чектөө киргизилген эмес жана дүкөн, мектеп, университеттер өз калыбында иштөөдө. Ал гана эмес футболдук чемпиондук өтүүдө, 9-майда болчу аскер парадына даярдык күч.
 Булак: NazarNews.kg

Последние новости