www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйынын Аксы районунда селден каза болгон жарандарды эскерүү менен баштады.

Төрага Талант Мамытов жыйынды баштап жатып жаратылыш кырсыгынан бир топ жаран жабыркаганын жана каза болгонун айтып, аза күтүү мүнөтүн жарыялады.

Андан соң спикер парламенттин атынан маркумдардын жакындарына көңүл айтып, учурда депутаттар алардын туугандарына жардам көрсөтүү үчүн жеке фондунун эсебинен каражат чогултуп жатканын билдирди.

Аны менен катар жаратылыш кырсыгы катталган аймакка колдоо көрсөтүү боюнча кандай маселе болбосун парламент чечип берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Эске салсак, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда катуу жаандан улам сел жүргөн. Сел Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган) жана анын ичиндеги жети адамды агызып кеткен. Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында суунун жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы баланы да агызган. Учурда 3 жана 5 жаштагы бөбөктөрдүн сөөгү табыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости