www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бийлиги Душанбенин борборундагы диний адабияттарды саткан дүкөндөрдү жапты.

Дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү мунун себебин түшүндүргөн жок, бирок алардын бирөө "бул убактылуу" экенин айтты.

"Азыр ошол дүкөндөрдөн алынган бир нече материалдар жана адабияттар текшерилип жатат. Дүкөндөр кайра ачылат деп ойлойм", - деди ал.

2-сентябрда "Озоди" радиосунун кабарчылары Душанбенин борбордук мечитинин алдындагы диний адабияттарды саткан дүкөндөр жабылганына күбө болушкан. Бул жерде 10 дүкөн жайгашкан.

Алардын биринин ээси бийлик дүкөндөрдү үч апта мурун эле жаап кеткенин жана аларга диний адабияттарды сатууга уруксат бербей жатканын айткан.

Мечиттин тегерегиндеги дүкөндөр негизинен Комитеттин уруксаты менен чыккан же чет өлкөдөн алып келинген китептерди сатышат. Азырынча кайсыл китептер текшерилип жатканы беймаалым.

Тажикстанда диний китептер боюнча көйгөй биринчи жолу жаралып жактан жок. Жыл башында тажик бийлиги ооган ишкерине Куран китептерин алып кирүүгө тыюу салган. Аткаминерлер ишкер алдын ала уруксат алышы керек болгонун билдиришкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик өкмөтүн адамдардын дин тутуу эркиндигин чектеп, диний ырым-жырымдарга тоскоолдук кылып жатат деп байма-бай сындап келет. Бийлик болсо кабыл алынган чечимдерди өлкөдө экстремизмдин күчөшүнө жол бербөө үчүн маанилүү деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости