www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Аргентина курама командасы 20-декабрда мекенине кайтып келди. Күйөрмандар футболчуларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.
Оюнчулар автобус менен Буэнос-Айрестин көчөлөрүн аралап, шаардын борборунда күйөрмандары менен жолугушту.
Спортчулар кайтып келген күн Аргентинада дем алыш күн деп жарыяланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина менен Франциянын командалары жеңиш үчүн күрөштү. Беттештин негизги убактысында командалар 2:2 эсебинде ойношту. Кошумча убакытта аргентиналыктар менен француздар дагы бирден гол киргизишти. Жолугушуу оюндан кийинки пенальтилер сериясы (4:2) жана аргентиналыктардын жеңиши менен аяктады.
Ошентип Аргентина курамасы дүйнө чемпиону аталып, улуттук кураманын капитаны Лионель Месси 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын мыкты оюнчусу деп табылды.