www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Адам нервин сактабаса инсульт болот”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.
--“Мага көбүнчө жашы улгайган адамдар келет. Айрыкча аялдардын арасында ар кандай оорулар күч алууда. Мен аларга чөптөн дарыларды берип, колумдан келишинче жардам көрсөтөм. 70-80 пайызы айыгып, ыраазычылыгын билдирип кетишет. Ошону менен катар айрым ооруларды алдын алууга дагы көмөктөшүп келем. Мисалы айымдар киста, миомалар төрөткө да терс таасирин берет. Жатындын мойнун бууп салат, шишитет, түтүкчөлөрдүн баарын кысып, бекитип койот. Муну алгач суугун алып, анан дарылаш керек.
Инсульттарды кан алуу жолу менен дарылайм. Инсульт менен ооругандардын кан айлануусун жакшыртыш керек. Ошондуктан бул дартты кан жолу менен дарылайм. Бул оору туура эмес тамактануу, терең ойлонуу, кандын бузулушунан, катуу капалангандан келип чыгат. Ошондуктан ар бир адам өз нервин сакташы керек. Менин айтаарым жарандар ден-соолугуна кам көрүшү зарыл”, - дейт элдик даарыгер.
Булак: NazarNews.kg