www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Уу коргошунду берсек кыргыз элин кырып алабыз”, - деди бүгүн 17-апрелде NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.

--“Уу коргошун дүйнөнү каптап жаткан коронавирусту айыктырбайт. Болгону ал алдын алат. Же жеңил ооруну айыктырууга жардам берет. Ошондо дагы таасирдүүсүн дозасына жараша туура колдонсо гана. Кечээ Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында уу коргошунду ичти. Ал ичкен бөтөлкөдөгү уу коргошун ал таасирдүү деле эмес. Ага уу коргошун дозасы аз эле кошулган. Ал адамдын ден соолугуна эч кандай таасир бербейт. Эгер таза уу коргошунду адам ичсе адам өлүп калат. Ошондой эле уу коргошунду министр шашпай ичип отурат. Ал туура эмес, аны ичкенде дароо жатып, адам тердеши керек. Ошондо гана ден-соолукка таасир берет. Алымкадыр Бейшеналиев ичкен бөтөлкөдөгү уу коргошунду баары эле ичет. Мен деле эки-үч бөтөлкө ичип бере алам. Эч нерсе болбой, суу ичкендей эле болосуң. Ошондой эле ал “Ысык-Көл тамыры өскөн жерди курчап алып биз алып жатабыз Уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз” дейт анын анча деле эфективдүүлүгү жок. Бул негизи муун-муун болуп бөлүнөт. Чындыгында эң күчтүүсү Суусамырда өсөт. Себеби, бийик тоолуу аймак болгондуктан күчтүү болуп саналат. Мен 15 жылдан бери изилдеп, баарын салыштырып жана практика жүзүндө колдонуп көрдүм. Ошондуктан министрге жана президентке дагы айтам уу коргошунду дозасына жараша колдонуу зарыл. Эгер аны элге берсек кыргыз элин бир заматта кырып алабыз. Өзүбүз болгону алты миллион эле калк болсок”, - дейт Чомоев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости