www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын өлкө башчысы Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда туркиялык аскерлердин өлүмүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу “Россия 24” YouTube каналынан билдирүүдө.
“Адамдын өлүмү бул дайыма чоң кайгы. Тилекке каршы, мен буга чейин телефондон да айткам, алардын жерин эч ким, ошондой эле сириялык аскерлер да билген эмес”,-дейт Путин.
Ал Сирия аскерлери олуттуу жоготууларга учураганын кошумчалады.
“Ошондуктан биз мындай нерселер кайра кайталанбаш үчүн жана Россия менен Түркиянын мамилеси кыйрабаш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек”,-деп Россиянын президенти баса белгиледи .
Путинтин айтымында, Эрдоган сурангандай сүйлөшүүлөр “бетме бет” жүргүзүлөт. Бирок сүйлөшүүлөргө коллегалар да кошулушу мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg