www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын Батам шаарында эки бети бар ымыркай жарыкка келгендигин Daily Mail басылмасы жазды.

Гилан Эндик деген ысым берилген бөбөктүн эки бетинен сырткары эки мээси бар болуп чыкты.
Эки айлык баланын калган органдары башка бөбөктөрдүкүндөй — бир тулку бою, эки колу-буту экөө. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер курсакта жатканда эки башка өнүкпөй калгандыктан ушундай ымыркай төрөлгөн.

Ал эми баланын энеси түйүлдүктүн курсактагы кезинде УЗИге түшкөндө медицина кызматкерлери эч кандай кемтик таппагандыгын айткан.

Дарыгерлер бул 250 миң адамдын ичинен бир кишиде кездеше турган сейрек көрүнүш экендигин билдирген. Алар эки бет менен эки мээнин болушу баланын башында ашыкча суюк заттын топтолушун шарттарын айтышкан.

Жергиликтүү дарыгерлер балага жардам бере албай тургандыгын моюнга алып, баланын ата-энесине Жакартадагы заманбап жабдуулар орнотулган хирургиялык ооруканага барууга кеңеш берген.

Булак: "Спутник"

Последние новости