www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Атамбаевдин тарапташтары жана айылдаштары чогулду. Алар мурдагы президенттин саламаттыгы начар болуп жатканын айтышып, “бийлик жактан эч кандай реакция болбой жатат”деп нараазычылыктарын билидиришти.
Митингге парламенттен Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Мухтар Айнакулов, Асель Кодуранова жана башкалар келишип, УКМКнын ичине кирип кетишти.
Депутат Рыскелди Момбековдон эки башка маалымат тарап жатат, кайсынысына ишенесиз деп журналист суроо узатты.
“Экөөнө тең ишенбейм. Анткени, мен эки жума мурун Алмазбек Шаршеновичке кирип чыккам. Ошондо эле кан басымы төмөн болчу. Ал өзү айтпаса да, ошол жердеги УКМКнын балдары “шефирңердин кан басымы төмөндөп кетти. Бирок силерди келет дегенинен кийин бир аз көтөрүлдү” деп айтышкан. Бул 7-февраль болчу. Ал киши айткан жок өзү. Бирок “дары алып атам, чай ичип атам, кан басымым төмөндөп кетти” деп ачык эле айтты. Бирок мен көрүп эле турам...”-дейт депутат
Белгилей кетсек, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурунку президенттин ден соолугу начарлап, кан басымы төмөндөп кеткенин билдирген.
Бирок, 20-февралда УКМК мурунку президенттин абалы туруктуу деген маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg