www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон, Нон Стоп дуэтинин ырчысы-бул кыздын кийинүү стилин карап дароо шаардык кыз экенин байкоого болот. Бирок, шаардык десе эле өтө аша чаап кеткенин ар бир сүрөтү айтып турат. Бул кыз жаңы чыкканда стили жакшы жана жарашыктуу болчу, эмнегедир күндөн-күнгө батышты туурап, самсаалактар бар чоң сумка, жарашыгы жок баш кийим, жана торкойгон бут кийимдерди кийүүгө өттү. Бул нерселер анын назик аялзаты экендигин жашырып, батыштагы рок ырчыларын эске салат.

Чолпондун узун чачы өзүнө куп жарашат, колдон келсе ал чачынын өңүнө да өзүнө да тийбей эле коюшу керек. Бирок кийинүү стилин бир аз олуттуурак кылып, балтыр-саны көрүнгөн чолок шымдарды, кыска көйнөк-юбкаларды кийгенин токтотсо жакшы болчудай. Учурда Коомдук Биринчи Каналдан көрсөтүлүп жаткан “Жыргалайф” берүүсүн Чолпондун алып баруусунда көрүп жатабыз.

Бул каналды Кыргызстандын 7дубанында, болгон айыл-аймактагы кары-жыштын көрөөрү турган кеп да. Аталар, апалар Чолпондун санын көрсөтүп чолок шымчан ат минип бара жатканын көргөндө кандай абалда калаарын элестетип көрсөңүз. Экранды да ойлош керек. Заманбап десе эле аша чаап кетүү эмес.

Булак: "Айгай"

Последние новости