www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Украинанын чалгын кызматында иштеген, Крымдагы Ялта шаарынын тургуну кармалган учурдун видеосун жарыялады.

Кадрларда ФСБнын кызматкерлери кармалган жаранга турак жайдын батирине келип, кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүү зарылдыгын кантип жарыялап жатканы көрсөтүлгөн. Бул кишиде тыюу салынган нерсе барбы деп сурашат. "Албетте, жок" деп жооп берет ал адам. Анын бети көрсөтүлгөн эмес. Андан ары бул адамды кантип көчөгө алып чыгып, машинага салып жатканын көрүүгө болот.

Ялтанын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдиргендей, кармалган адам - Ялта шаардык кеңешинин экс-депутаты, мурда Симеиз айылдык кеңешин жетектеген Юрий Ломенко. Ал буга чейин СИЗОго киргизилген.

Мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча иш козголуп, аны эми сот 20 жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости