www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин V-чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова мурдагы кесиптеш- депутаттарга таандык “Ун мафиясын” изилдеп чыккан атайын видеосун интернет айдыңына таратты.

Анда, Парламенттин учурдагы “лөктөрү” - спикер Дастан Жумабеков, орунбасары Мирлан Бакиров, ЖКнын жыдыбас депутаты Чыныбай Турсунбеков жана белгилүү “Алкомагнат” Шаршенбек Абдыкеримовдордун жеке кызыкчылыктары кантип ишке ашканы айтылат.

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин учурдагы VI – чакырылышы келээри менен ун маселесин козгоп, андан баардык салыктарды алып салууну демилгелеп чыгышкан. Андагы келтирилген жүйөө, өлкөдөгү ун өндүрүүчүлөр зыян тартып жаткандыгы, андан улам ундун баасы дагы кымбаттап жаткандыгы келтирилген. Албетте, бул демилге бир добуштан колдоо таап кеткен болучу. Бирок, анда белгиленгендей ун арзандаган эмес. Тескерисинче казынага түшчү миллиондор, жогоруда белгилеген лөктөрдүн чөнтөгүндө кала берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости