www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин сайт өзүнүн сулуулугу, өзгөчө өң-келбети, стилдүүлүгү менен атактуулукка жетишип, көпчүлүк айымдарга үлгү боло алган чыгармачыл айымдар тууралуу “Аялзат” аттуу жаңы рубрикасын баштоодо. Бул рубрикабыздын эң алгачкы коногу Казакстандын төрт тарабы төп келишкен, үч наристенин мээримдүү энеси, ырчы айым, модельер, актриса Лидо болмокчу. 

- Лидо, сулуу болуш оңойбу?

- Оңой жана оор. Жөн гана ар бир адам өзүн сулуу экенин сезүү керек.

- Сулуу кыздар мүнөзү жагынан “стерва” болушат дешет. Өзүңүздү “стерва” сезесизби?

- “Стерва” деген сөзгө ар бир адамдын өз түшүнүгү бар. Мен өзүмдү “стерва” деп эсептебейм.

- “Стерва” болуу жакшыбы же жаманбы?

- Менин пикиримде, бул жакшы сапаттардын бири. “Стерва” боло билүү да керек. Мындай кыздар көп нерсеге тез жана оңой жетишет. “Сетрва”- өзгөчө, таң калычтуу, өзүнө ишенимдүү, эмнени каалап турганын билген аял деп билем.

- Азыр сиз үчүн эмне биринчи орунда?

- Мен үчүн бардык кырдаалда ата-энем биринчи орунда турат. Себеби, алардын жардамы менен жарык дүйнөгө келип, көп ийгиликтерге жетишүүдөбүз. Баардыгы үчүн ата-энеме рахмат айтам.

- Мырзалар кандай сапатка ээ болуш керек?

- Эң алгач мырза- жоокер болуу керек. Жоокерге тиешелүү бардык сапаттар, ар бир мырзада болушу керек деп эсептейм.

- Акыркы мода тенденциясын карманасызбы?

- Мен модага кызыгам, мага жаккан жана жарашкан кийимдерди кием.

- Кийим-кечекке канча каражат коротууга даярсыз?

- Кийим үчүн аз эле. Ал эми бут кийим жана күрмөлөр үчүн абдан чоң суммадагы акча коротом.

- Шопоголиксизби?

- Дүкөндөргө баш багып, ал жактан чыкпай баш отум менен кирип кеткен айым эмесмин. Бардык аялзаты сыяктуу эле ырахат алуу үчүн дүкөндөргө баш багам.

- Ар дайым бир формада жүрүү кыйынбы?

- Мага жок. Спорт менен алектенбеген айымдарга ар дайым бир формада жүрүү кыйын болуп калат. Спорт менен алектенүү менде адатка айланган.

- Өзүңүздү күзгүдөн карап, канаттанасызбы?

- Мен нарциссизм менен жабыркабайм. Бирок, өзүмдү сүйөм жана сыйлайм. Айрым учурда мен өзүмдү жөн эле сүйбөйм, буга чейин жетишкен ийгиликтерим үчүн сүйөм.

- Сиздин сулуулугуңуздун сырлары?

- Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө сүйүү жашаса, анда ал сөзсүз сулуу болот. Көбүрөөк сүйүп, сүйүктүү болуу керек.

- Эмне тууралуу көп кыялданасыз?

- Тынч жана кооз океандын боюнда үй-бүлөм менен жашоо тууралуу көп кыялданам.

- “Ушул шоу-бизнеске ыраазымын” деген ойлор буга чейин башыңызга келгенби?

- Ар бир артисттин башынан мындай ойлор сөзсүз өтөт. Менде да болгон. Баарын таштап, басып кеткиң келет. Бирок, терең ойлонуп көрсөң анын баары убактылуу нерсе экен.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости