www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунун Манас айылындагы №7256 УШКда шайлоочу өз бюллетенин сүрөткө тартып алган. Бул маалыматты участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Вера Бородавка ЖМКларга тастыктады.
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен байкоочулар бюллетендин бузулушу боюнча акт түзүшкөн.
«Бул биздин аймакта биринчи мыйзам бузуу учуру катталды. Биз баарыбыз тартипти сактайбыз », - деп кошумчалады Вера Бородавка.
Ал эми видеодо байкалгандай, шайлоочу добуш берген учурун өзү үчүн сактап калгысы келген.
Ушундай эле учур башка аймакта да катталган. №20 мектепте жайгашкан Бишкектеги №1128 УШКда, шайлоочу кыз телефон менен кабинага кирип, бюллетенди сүрөткө тартып алган.
Булак: NazarNews.kg