www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын борбору Ереван шаарында нааразылыкка чыккандар имараттын кире беришин да, чыккан жерин да тосуп коюшту. Бул туурасында РИА Новостинин жеринде жүргөн кабарчысы билдирди.

"Эртең менен митингчилер полициянын ТИМдин имаратынын алдындагы курчоосун үзүп кирип, өкмөттүн имаратынын кире беришин тосуп туруп алышкан. Ал тышкы саясат боюнча ведомствонун имаратынын жанында жайгашкан эле. Эми алар ТИМдин өзүнүн имаратын курчоого алышты. Мындай кадам алардын лидерлеринин бири, парламенттин вице-спикери Ишхам Сагателян полиция күчүн топтоп жаткандыктан элдин бир жерге чогулуп турушун айткандан кийин болду", — деп билдирген журналист.

Полиция азырынча эч кандай кадамга барбагандыгы, болгону ал жердегилерге байкоо салып турганы, анткен менен атайын даярдыктагы аскерлер — "кара береттер" жүргөнү кабарланды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-апрелинен тарта Армениянын бардык аймагында премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган нааразылык акциясы өтүп жатат. Анын катышуучулары бул бийликтин саясаты мамлекеттүүлүктүн жоголуп кетишине жана таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын өкүм сүрүшүнө коркунуч жаратып жатканын айтып келишет.

Последние новости