www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов өзүнүн «кечки саат 8ден кийин кайрылууларга жана чалууларга жооп бербейм» деп айткандарына түшүндүрмө берди.

Эл өкүлү буга жумуштан чарчаганын себеп болгонунун билдирди.

«Мен да башка адамдардай эле күнүмдүк жумуштардан чарчайм. Буга чейин бир жумушум (Не Сахар долбоору) болсо, азыр депутаттык мандат алгандан кийин жумуш эким эсе көбөйдү. Бул эми мен буга чейин деле кылып келген жумушум. Буга чейин деле элге жардам берип келгенмин. Бирок, кээ бир адамдар менин бул посттумду бурмалап, шылдыңдап чыгарып жатат. Алардын арасында көрүнүктүү кызматтардагы адамдар, убагында жардам берем деген инсандарда бар.

Мен аларга айтаары, ар ким өз жумушу менен алек болмойюнча, биз өнүкпөйбүз. Эгер биз бири-бирибизди тарткылап, түрткүлөп, башкаларды сындабай, өз жумушун билиши керек», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости