www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы менен маек.
- Жаңы Салык кодексине президент тарабынан жакында эле кол коюлду. Түрдүү пикирлер айтылууда. Адис катары буга кандай үн кошо аласыз?
- 2021-жылдын май айында президентибиз Садыр Нургожоевичтин элге кайрылуусунда “жаңы Салык кодекси иштелип чыксын” деген тапшырма берилген. Анын долбоору бизнес менен чогуу иштелип чыгып, 1-сентябрда коомдук талкууга чыккан. Салык кодекси кандай нормаларды камсыз кылды?
Эң биринчиден, 2009-жылдан бери 130дан ашык мыйзам кабыл алынып, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча пикирлер айтылган. 12-13 жылдан бери канча деген карама-каршылыктар пайда болуп, бизнеске да, салык кызматына да кыйынчылык жаратчу. Ошондуктан кеңешип, канча карама-каршылык пикир келишпестиктер болсо, ошонун баарын жаңы Салык кодексте оңдоп кеттик. Мурда “карама-каршылык, түшүнбөстүк болсо, салык төлөөчүгө ыңгайлуу чечим болушу керек” деген норма бар болчу.
Бирок иштебей жаткан. Азыркы учурда “талаш-тартышта салык төлөөчүгө чечим чыгыш керек” деген механизм иштелип чыкты. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, азыркы күндө негизги эки салык режими болот деп жатабыз. Бул жалпы жана бирдиктүү салык режими. Жалпы режим ири компанияларга кошумча нарк салыгы, пайдадан салык жана сатуудан алынган салык болуп, үч салык төлөнөт. Бирдиктүү салыкта жөнөкөй, кичи, орто бизнеске ылайыктуу бир эле салык төлөнөт.
Акча жүгүртүү көлөмүнөн бир нече пайыз алынат. Жалпы ставкалары кызмат кылуу ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүнөн накталай болсо 6%, накталай эмес болсо 4%. Ал эми соода ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө накталай болсо 4%, накталай эмес болсо 2%. Эң төмөн пайыз тигүү тармагына коюлду. Бул 0,25%, 100 миллионго чейин деле ушул режим менен тигүү тармактарынын ишкерлери иштесе болот. Дагы Салык кодексинде атамекендик ишканаларга сатуудан алынган салыгынын ставкасы 2%дан 1%га түштү. Бул жалпы режимде иштеп жаткан ишкерлер үчүн.
Эгер салык төлөнбөй калса салыкты текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча же салык төлөөчүнүн өзү такталган отчетту берип, ошону менен “толук салыкты төлөбөй калыптырмын” деген учурда канча туум үстүнө кошулса, салык төлөөчү негизги пайызын төлөп жана туумдун 50%ын төлөсө, калган 50%ы автоматтык түрдө жоюлат. Бул дагы жардам десек болот. Кошумча нарк салыгынын кошумча механизмдери кайра каралып чыкты. Аларга жөнөкөй механизм кирди.
Банк секторлорунун кайрылууларына байланыштуу ислам каржылоонун принциптерине салык салуу киргизилүүдө. Дагы Кыргызстандын аймагында электрондук кызмат көрсөткөн Гугл, Фейсбук ж.б. электрондук компаниялар тарабынан кошумча нарк салыгын төлөө режими киргизилди. Тигүү, зергерчилик, авиатармактарына бир нече жеңилдиктер берилди. Жашыл экономика да өнүксүн деп электромобиль, электробустар дагы салыктырдан бошотулат.
- ККМ боюнча да бир топ талаш-тартыштар, түшүнбөстүктөр орун алууда...
- Биринчиден, кэшбек системасы да кирип жатат. Биздин жарандар кассалык чекти талап кылганда, товарды канча суммага сатып алса, алардын канча бир пайызы кайтарылып берилет. Кассалык чекти сүрөткө тартып, салык кызматынын системасына жиберүү шарт. Бул максималдуу түрдө автоматташтырылган. Сиз белгилегендей, ККМ боюнча көп маселер көтөрүлүп жатат. Бирок жаңы Салык кодекс менен ККМдин түздөн-түз байланышы жок.
Анткени көзөмөл кассалык машиналары көптөн бери кирип жатат. Акыркы чечим чыгып, график түзүп, кимдер ККМди колдонушары 2020-жылдын 24-июнунда №356 токтом менен өкмөттөн чыккан. Ошол токтомго ылайык ККМдер этап менен базарларга да кирүү жазылган. Мисалы Бишкек, Ош шаарындагы базарларда ККМ 2021-жылдын 1-апрелинде кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок тилекке каршы, түшүнбөстүктөр болуп, “ККМ жаңы Салык кодексинин талабы” деген туура эмес ой-пикирлер жаралып кетти.
Экономика министрлиги, салык кызматынын жетекчилиги, өкүлдөрү базарлардагы ишкерлер менен жолугуп, түшүндүрүп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин тапшырмасына ылайык жумушчу топ түзүлдү. Ага ылайык бүт ишкерлердин сунуштары эске алынып, чечимдер кабыл алынып жатат. Албетте, ишкерлердин көйгөйлүү маселелери бар. Жакшы пиар-кампаниялар болуш керек, түшүндүрүп үйрөтүшүбүз шарт, бизге бир аз мөөнөт керек. Маселелерди кылдат карап, компромисстик чечимдерди кабыл алабыз деген ойдобуз.
Булак: Азия News гезити