www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын мыйзам чыгаруучу Олий Мажлис палатасы 25-сентябрда кезексиз жыйын өткөрүп, 52 жаштагы Шухрат Ганиевдин талапкерлигин агрардык жана азык түлүк маселелери боюнча премьер-министрдин орун басары кызматына жактырды. бул тууралуу  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев кызматкерлерине жана аймак жашоочуларына жасаган орой мамилеси, жосунсуз жоруктары менен белгилүү.

Бирок ферганалык журналисттердин бири «Озодликке» берген интервьюсунда Ганиевди «кризис менеджери» деп атады.

– Ал маселелерди мыйзамдуу түрдө болбосо да, административдик кысым көрсөтүү менен тез жана эффективдүү түрдө чече алат. Жумуш күчү көп, бирок жери аз, дайыма диний жаңжалдар болуп турган жана бир нече улут жашаган Фергана облусунун жетекчиси болуу өтө оор. Бирок Шухрат Мадаминович салыштырмалуу түрдө өз милдеттерин канааттандырарлык аткара алды, ​– деди ал.

52 жаштагы Шухрат Ганиев Фергана облусун 2012-жылдан бери башкарат. Кызматтан кызматка көтөрүлгөн учуру маркум Ислам Каримовдун мезгилине туура келет. Анын атын чыгарган акыркы маселе Сох чуусуна байланыштуу.

31-майда бул аймакта кыргызстандыктар менен булак талаштын айынан чыр чыккан. Анда ондогон адам жаракат алып, бир нече турак жай өрттөлгөн. Ошондо Шухрат Ганиев Сохко келип эл менен жолугушкан учурда кагылышуу болуп кеткен.

Буга аткаминердин нааразылык билдирип көчөгө чыккан элге кылган өктөмдүгү негиз болгон. Ал «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжайдан жолду жабам» деген эле. Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп жатат. Мына ушундай мамилесинен улам анклавдын эли аны аскерлер калкалап турганына карабай таш бараңга алган.

Акыркы үч жылдан бери Ганиевдин адепсиз жүрүм-туруму ачыкка чыгып эле келатат. 2018-жылдын 18-январында Казакстанда Орусияга бараткан автобус өрттөнгөн. Анда 52 өзбек мигранты мерт болгон. Алардын үчтөн бири Фергананын Ташлак районунун тургундары болчу.

Президент Шавкат Мирзиёев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жумушсуздуктун айынан өзбек жарандары сыртка кетүүгө аргасыз болгонуна кейиген. Андан үч күн өтпөй, 23-январда облус жетекчиси Ганиевдин «Ташлактан чыккан беш-алты арам бар. Арамды арам дейт» деп сөгүп атканын кимдир-бирөө диктофонго жаздырып, Интернетке таратып жиберген. Ошол эле аудиодо Ганиев ташлактыктардын ажыга барышына тыюу саларын айтып коркутканы да бар.

Ал эми 2019-жылдын 22-майында обладминистрациянын жыйынында салыкчыларды каарып аткан аудиосу «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түшкөн. Ганиев инспекторлорго эмнеге ачууланганы түшүнүксүз, бирок «саткын» деп тилдеп, «ичегилерин сууруп алып башыңа ороп коём» деп опурулган.

Ушундан соң август айында президент Шавкат Мирзиёев акимди инфратүзүмдүк маселелер боюнча катуу сынга алган:

«Мырза Ганиев, Рузиев, экөөң кыянатчысыңар! Силер менен эч качан чоң иштердин өтөөсүнө чыга албайбыз. Анткени силерге тапшырма бериштен коркот, адам. Билимиң жок, илимиң жок. Китеп окубайсың, президенттин жарлыгын окубайсың!»

Деген менен андан бир ай өтпөй Мирзиёев Ганиевди «Мээнет даңкы» ордени менен сыйлаган. Андан кийин да, сентябрь айында Ганиев сакал койгондорго, хижаб кийгендерге ачуу сөз айтып, ал да Интернетке тараган. «Ошол жоолугуңарды оозуңарга тыгам» деген орой сөзү үчүн аткаминерге карата парламенттин Этика комитети иликтөө жүргүзгөн. Анткени Ганиев Сенаттын да мүчөсү.

Комиссия Ганиевге мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин бузганы үчүн үч айлык сыноо мөөнөтүн белгилеп, катуу сөгүш жарыялаган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Ганиевдин сөздөрү адамдын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирбейт деп таап, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости