www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Туу айылдык милициясынын кызматкери Касымбек уулу Кымбатбек ички иликтөөдөн кысым көргөнүн айтып, кайрылуу жасады.

Анын айтымында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аны негизсиз күнөөлөп жатышат.

«20-январь күнүн Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан ички иликтөө кызматнан чакыруу келди.

Ал жерге мени саат 11ге чакырышкан, бирок, ошол күнүн мен саат 10дордо эле бардым. Ал жерге барсам аталган кызматтын адамдары кабинетте сүйлөшүүнүн ордуна унаада отуруп чечүүнү туура көрүштү. Унаага отурганда эле алар мага ар кайсы нерсени айтып, бир жерден кынтык тапкысы келип жатты. Бир кезде мени Наркологиялык борборго барасың деп айтышты. Мен эч нерсени түшүнбөй эле калдым. Анысына да макул деп Наркологиялык борборго кирген кезде, ошол жердеги кызматкер мага: сен азыр жөн эле кетип калбайсыңбы? Текшергенден кийин чыгып калсаң эмне болот? Деп айтып калды.

Коркунучка алдырбай эле, текшерүү деген соң кабинетке кирсем, аталган кызматтын 3 кызматкери отуруптур. Аларда кирээр замат эле ар кайсыны сүйлөп менин намысыма, ачуума тие турган сөздөрдү сүйлөй баштады. Бирок, мен ошол жерде ачууга алдырбай, туура эмес иш жүрүп жатканын түшүнүп ал адамдардын аты-жөнүн, кызматын тактап  жазып алдым.

Ошол жерден эле мени бир иштин үстүнөн чакытыршкан кагазды көрсөткүлө десем:

«Ушунчасын эч кандай кагазы жок эле текшергенбиз, сени да кагазы жок эле текшеребиз. Сен бизге кантип иштөө керектигин үйрөтөсүңбү?  Эркек болуп жөн эле текшерилип кой! Эркексиңби өзү?» деп айтты ошол жердеги ичи чыккан балдардын бири.

«Мен эркекмин. Формачанмын. Сен жаран болуп турасың. Мага өздүгүңдү тактаган документти көрсөт» дегенде эч кимиси көрсөтүшкөн жок.

Ортодо сөздөн-сөз чыгып жатып эле, «биз сага Оштон бери келсек, чай-пай менен эле бүтүрүп койбойсуңбу?» Деп калышты.

Ошончолук чай ичкиңер келсе, адамча эле сурасаңар, кой деле союп бермекмин дедим. Ошондо, экинчиси, «мен азыркы бийликти такыр эле «признвать» этпейм» деп калды.

Бул жерде бийликтин эмне тиешеси бар десем, «Ошто Сүйүн Абдылдаев дегенди тааныйсыңбы? Мен көп нерсени көрүп, билем ошондуктан, сасыбай кетип кал» дегенде, кан басымым көтөрүлүп, ачуум келип ошол түнү уйкум качты. Ушул күнгө чейин менин үстүмдөн түшкөн арызды далил катары көрсөтүшө элек.

Эгер мен кызмат учурунда ката кетирип, кимдир бирөө мага арыз жазган болсо, ачыкка чыксын. Тиешелүү органга чакырсын. Мен качпайм. Барам», - дейт Касымбек уулу Кымбатбек.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости