www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карылар үйүнөн өрт чыгып, 15 адам каза болду

Украинанын Харьков аймагындагы менчик карылар үйүндө өрт чыгып, 15 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 11 адам жаракат алган.

"2 кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү аталган аймактын куткаруу кызматкерлерине саат 16:00дө келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт имараттын экинчи кабатында чыккан. Эки сааттын ичинде өрт толугу менен өчүрүлгөн. Күйгөн аянт 100 чарчы метрди түзөт. Өрт улгайган адамдар баш калкалаган "Алтын убакыт" деген менчик интернатында болгон", - деп жазылат маалыматта.

Бийликтин маалыматына ылайык, аталган мекеме мыйзамсыз иштеп жаткан. “Бул мекеме эч кандай мамлекеттик, муниципалдык, аймактык же райондук реестрде катталган эмес. Бул адамдарды ким жана эмне үчүн бир жерге чогултканы белгисиз", - деп билдирген аталган аймактын администрациясынан Юрий Шпарага.

Ал эми Украинанын президенти Володимир Зеленский өкмөткө кырдаалды тезинен териштирип, кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости