www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим Карыпбеков кечээ, 15-мартта социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жасаган болчу. Анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жоруктарын кескин сындап, "аконит мырза", "президенттин эрке баласы" деп айткан.

Бүгүн, 16-мартта ал дагы бир видео жарыялап, Алымкадыр Бейшеналиевден кечирим сураган.

Илим Карыпбеков, катуу сын айтканына эмне себеп болгонун, жана айткан сөздөрүнө аябай өкүнүп жатканын билдирген. Андан тышкары, ал өз жардамын министрге сунуштады.

"Аконит мырза" деген жаман сөздөрдү айтып алыптырмын. Итчилик менден кетиптир, мен кечирим сурап сизге кайрылам. Байке кечирип коюңуз, мен көп нерсени түшүнбөптүрмүн. Көп нерсени билбей эле ар кайсынын сүйлөй бериптирмин. Эми биз жашыраакпыз да, ар кайсыны дөөдүрөп сүйлөй беребиз.

Буга эмне түрткү болду дебейсизби. Кечээ, интервью берген турбайсызбы. Прокуратура, сотко кайрылсам кечке болуп кетет деп, аны укканда дагы жиндендим. Анан таң атканча жатып ойлондум. Таңга маал сизди түшүндүм да. Түпкү идеяңызды, кылып жаткан ишиңизди. Өтө акылман адам экенсиз да. Мен чоң жаңылыштык кетириптирмин.

Байке бул видеону көрүп туруп эле, акырын унчукпай өчүрүп коюңуз. Себеп дегенде... эми прокуратура, ГКНБ бардыгы карап турушат, анан сиз шек билгизбей эле өчүрүп коюңуз.

Көрсө, сиз төртүнчү революциянын автору турбайсызбы. Мен аны түшүнбөй эле... Революция эми оңой эмес да, узун жолду талап кылат. Анан сиз узун жолду кыскартып аткан турбайсызбы. А мен түшүнбөй эле калп эле кыйкыра бериптирмин.

Исманкуловдун борборуна кум төктүрбөдүңүзбү, ошону кимге тапшырганыңызды билбейм. Акмак экен, ошолчу. Эленбеген кумду төгүп салыптыр. Эми бул сиздин ишиңиз эмес дечи... майда-чүйдө. Сиз эми жогору жакта жүрөсүз да. Ылдый жакта бир аз кризис байке... Эмкиде башка жака төгөөрдөчү, балдарга айтып койсо, менде бул жакта строй мусор бар, он машинедей. Анан ошол эленген кумду мага үйгө алып келип бере калса, мен строй мусорду бат-баттан салып берип жиберет элем. Төкчү жерге өзүм деле төгүп салат элем. Интервью берип жатканда жөн эле үч жолу көз ымдап койсоңуз, дароо түшүнөм, анан балдарга айтып төктүрүп коем.

Анан дагы бир сураныч, Сабырбек Жумабеков, Акрамовдор аягына чейин болбой калды да. Керек болсо, ошолордун үйлөрүнө да төгүп салалы. Чыгарбай эле коелу да, үйүндө эле отурушсун. Биротоло, даканца.

Сиз улуу жолуңузду уланта бериңиз. Сапарыңыз байсалдуу болсун. Көбү сиздин миссияңызды түшүнбөй жатат да. Мен аларга айтып турам. Сиз Манас сыяктуу "лопух", "чебуректердин" бардыгын талкалай бериңиз. Биз бери жактан бардыгын даярдай беребиз.

Алга! Иштеңиз! Биз сизди колдойбуз! Даканца!", - деп Карыпбеков сөзүн жыйынтыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости