www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири депуттардын тагынган саатарынын баасын жарыялаган. Бул коомчулукта көптөгөн терс пикирлерди жаратты. Кээ бирлери муну көнүмүш адат катары бааласа, кээ бирлери өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алып, элдин жашоосу ага жол бербей турганын айтып чыгышты.

«Элдин жарымынан көбү жакыр жашап, бир сындырым нанга жетине албай жатса, биздин эл өкүлдөрү бир батирдин кунуна кете сааттарды тагынышат. Мындай пикирин КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнү Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Мени Жогорку Кеңештин депутаттары кымбат баалуу саатарды тагынып жатканы боюнча элдин пикири таптакыр башкача болгону кейитти. Биз өзүбүз экономикалык жактан алсырап турган заманда, дагы деле COVID-19дун азабын тартып жаткан учурда эмнеге эл өкүлдөр кымбат баалуу саттарды тагынып, чарактап жашаш керек? Бул боюнча мен комментарий берип койсом «сенин акчаңа тагынып жатабы, сенин эмне жумушуң бар, ал жакшы адам, мени аны тааныйм» деген сөздөр келим түштү менин дарегиме.

Мени таң калтырганы, эл өзү өлкөнүн келечегин оңдосун, жашообуз жакшырсын деп шайлап алган адамдары, элди эмес өзүнүн кара башынын камын ойлоп чарактап жашап жатканына кайдыгер карап жатканы.

Эл го мейли, депутаттар өздөрү эмнеге ойлонбойт. Элим кыйналып жатса, мен эмнеге кымбат баалуу саат тагынып, кымбат баалуу унааларды айдашым керек? деп. Биз булардын кымат саат тагынып, заңгыраган үйлөрдө жашаганына суктанбай, аларды уяткарышыбыз керек», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости