www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимовдун 15 миңден ашуун тарапташтары КР Президенти Садыр Жапаровго Кайрылуу жөнөттү.

Төмөндө резолюциянын тексти толугу менен:

Бүгүн, 28-февралдагы Райымбек Матраимовдун 15 миңден ашуун тарапташтары жана тынчтык митингинин катышуучулары Кыргызстандын жөнөкөй жарандары элдик адилеттүүлүктү каалоо менен, биздин өлкөбүздүн ийгиликтүү жана жарык келечегине умтулуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарына таянып ошондой эле жөнөкөй кыргыз элинин басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон КР Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго кайрылуу жасап, төмөнкү

РЕЗОЛЮЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫК:

1. Эл уулу, Райымбек Матраимовго боштондук берилсин;

2. Тергөө астында болгон Кыргыз Эл уулу Райымбек Матраимов – үчүнчү күчтөрдүн, «Аzattyk.Media», «Kloop.kg» жана башка маалыматтык агенттиктердин жакшы уюшулган аракеттеринин жана башка саясий максаттарына жетүүнүн жабырлануучусу болуп таанылсын;

3. Биздин өлкөбүздүн жетекчилигине Ош облусунун Кара-Суу районунун 40 миң адам жашоочуларынын Кыргыз Эл уулу Райымбек Матраимовду колдоо, бошотуу жана ага адилеттүү мамиле кылуу жөнүндө кат түрүндөгү кайрылуусу жеткирилсин;

4. Биздин өлкөбүздүн жетекчилигине Райымбек Матраимовду колдоо үчүн 5 мин адам өз ыктыяры менен Бишкек шаарында тынчтык митингин уюштуруу тууралуу чечими жана көрсөтүлгөн 5 миң адамдын келип катышуусу билдирилсин.

5. Өлкөбүздүн расмий бийлиги демократиялык баалуулуктар менен жамынган, расмий түрдө кээ бир батыш мамлекеттердин өкүлдөрү менен каржыланган жана колдоого алынган Кыргызстандагы чет өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн кыскартууну карап чыгууга чакырылсын;

6. Биздин өлкөбүздүн жетекчилигинин расмий бийлигине батыш жана үчүнчү күчтөр тарабынан каржыланган маалыматтык агенттиктер Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүн жана алдын-ала өзүнүн өкүлчүлүктөрү аркылуу сотсуз жана тергөөсүз биздин жарандардын күнөөлүүлүгү тууралуу аныктама берүүсүн токтотуу тууралуу кайрылуусу талап кылынсын;

7. Биздин өлкөбүздүн тынчтыгын, каада-салтын, динин, туруктуу болуп келе жаткан өнүгүүсүн бузууга максатталган Кыргызстандагы бейөкмөттүк уюмдар, ЛГБТ сыяктуу уюмдардын тынымсыз митингдерин уюштуруп, өткөрүүгө бөгөт коюлсун жана жол берилбесин.

Ош шаары,    28.02.2021 жыл

 

 

Последние новости