www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз затка ууланып беш студент мерт болду

Өзбекстандын Ташкент шаарында билим алып жаткан беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Билдирүүгө караганда, кечээ, 27-февралда саат 20.50 чамасында Ташкенттин Юнусабад районундагы жеке үйлөрдүн биринде Өзбекстандын борборундагы үч башка университеттин беш студентинин сөөгү табылган.

«Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, студенттердин өлүмүнө белгисиз зат менен курч уулануусу себеп болду», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, каза болгон студенттердин өздүгү боюнча азырынча эч кандай маалымат жок.

Учурда кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынып, тергөө иштери журүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости