www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Косметологиянын жардамы менен жашарса болобу?

Бьюти-медицинада кардарлар эң көп адашкан учурлар тууралуу Sputnik радиосуна косметолог Станислав Арканников тизмектеп берди. 

Анын айтымында, дарыгер-косметологдор кайрылгандарга процедура тууралуу маалыматты кенен жеткирбегени үчүн кесиптештерине сөз тиет.

«Косметологго барып тез эле жашарып кетем деген ой кулагыбызга сиңип калган. Косметология терапевттик адистик, терапияда дароо натыйжа болбойт. Ошондуктан терини жашартуу үчүн бир курстан өтүү жетишсиз. Муну кардарларга түшүндүрүү керек», - деген адис.

Ал, мындан тышкары, ботокс сайдыруу мээнин ишине зыянын тийгизет деген сөздү четке какты.

«Ботокстун технологиясы неврологиядан келген. Ботулотоксин кайсы бир булчуңду шал кылып, бырышты кетирип турат. Анын косметологияда өзгөчөлүгү ушул эле», - деген Арканников.

Ошондой эле, ал бетке сайыла турчу суюк импланттар өз алдынча жылып кетиши мүмкүн деген суроого жооп берген. Филлер препараты оозду, төштү чоңойтууда, беттин түзүлүшүн оңдоп, бырыштарды кетирүүдө колдонулат.

«Зыяны жок жана коопсуз гель териге сайылат. Аны менен бир нече убакытка чейин эстетикалык көйгөйлөр чечилет. Эгер түзүмү гелди териге сойлотпой турган гиалурон кислоталарынын негизинде жасалган филлерлер жөнүндө сөз болуп жатса, алар теринин ичине куюлат, мындан коркуунун кереги жок», - деген дарыгер.

Буга кошо, ал картаюуну алдын алуу үчүн эртерээк аракет кылуу керектигин айтып, 40 жашта эмес, 18 жаштан баштап косметологдон кеңеш алууну сунуштаган. Анткени, жаш куракка байланыштуу айрым процедуралар майнаптуу болбой калат.

Мындан тышкары, жакшы косметика арзан болбойт деген түшүнүктөн алыс болууга чакырып, боенгуч каражаттардын курамына көңүл бөлүүнү айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости