www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоосунун атылышынан улам эки миңге жакын адам эвакуацияланды. Жергиликтүү тургундарга дем алуу органдарын коргоочу каражаттар берилди, деп билдирет ТАСС.

Индонезиянын кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук агенттиги лаванын агымы жана вулкан активдүүлүгүнүн күчөшүнөн кийин 1979 кишинин 11 коопсуз жерге көчүрүлгөнүн билдирди.

Жакынкы райондордун тургундарына 10 миң медициналык жана кездемеден жасалган беткаптар, ошондой эле дем алуу органдарын коргоо үчүн 4 миң балдардын бет каптары берилди. Учурда жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Эске салсак, жекшемби күнү, 4-декабрда Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоосу атылып, бийлик эвакуациялоону жарыялаган. Буга чейин Семеру жанар тоосу 2021-жылдын декабрь айында атылып, 39 адам анын курмандыгы болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости