www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасын кыйла жыл басып жаткан Жылдыз Бакашева деген айым Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп кызматтан жогорулаган. Бирок, иштин көзүн билбеген мажүрөлүгүнүн айынан көп өтпөй эле ал жактан кетип, Тарых музейин жетектеп калды. 

Тарых музейинин мурдагы жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүков мыйзамсыз иштен алынганы боюнча соттон утуп келсе, Бакашева соттун чечимин уруп ойнобой ордун бошотуп бербей койгон жайы бар. Ошол бойдон иштеп жатат. Кыңк деген жан болгон жок. 

Жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт дегендей, Тарых музейинин дагы ашмалтайын чыгарып бүтмөй болду. Индус, пактар тарых музейинде шоу программа уюштуруп, ат сарайда жүргөндөй эле каптап кеткени боюнча соцтармакта видео тарап, коомчулукта катуу сын-пикирлер айтылды. Ал түгүл директор Жылдыз Бакашевана тезинен иштен алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылгандар болду. 

Намыс, ар деген барбы бизде, качантан бери Улуттук тарых музей концерт өтө турган жер болуп калды эле деп каңырык түтөтүп зээни кейигендер, Бакашеванын алешемдик, шалаакы ишине ичтери чыкпай, катуу нааразы болушту.

Тилекке каршы, Бакашева башым деген жок. Сууну сиңген жерге куй деген туура экен. Бакашева элдин жоопкерчиликти талап кылган нааразычылыктарын чиркей чаккандай көрбөдү. Маданият министри Алтынбек Максүтов деле ымтырап отура бербей, теске сала турган жерде эле. Деги качан жетекчиге жарыйбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости