www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңеште жарандык абалды каттоо жаатындагы мыйзамдарды оптималдаштыруу демилгеси каралды. Анда Эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрасагы Исхак Пирматов өзүнүн баяндамасын окууду.

Депутат Рада Туманбаева жарандык абалдын актыларына өзгөртүүлөр кирип жатканына таянып, диний ырым-жырымдарды, никени юридикалык жактан мыйзамдаштырса болобу деп коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматовдон сурады.

“Ушул демилгеге кошсо болобу? Дин башкармалыгы, хазыяттар, мечиттер ошол жасалган никеге өзүнчө документ жасап, мунун юридикалык жактан тактоо үчүнчү. Себеби азыр билесиздер, оңой жол менен нике кыйышат, бир-эки айдан кийин жок болот. Анан ал аял төрөсө, аялдын да баланын да укугу жок болот, анан көчөдө калып атат, зордук зомбулук болуп атат. Анан ошого кандай карайсыңар”,-деп Рада Туманбаева Исхак Пирматовго суроо узатты.

Анда Исхак Пирматов бул маселени башка мыйзам менен карап чыгыш керектигин айтты.

“Биздин мыйзамдын концепциясы такыр бөлөк. Биз үй бүлөлүк карым-катнашка кирбей жатабыз, нике маселелерин такыр козгобой жатабыз. Мен башында айтып кеткендей биз негизги үч максатты көздөп атабыз. Кезекти жок кылыш, жоголуп кеткен күбөлүктөрдү калыбына тез-тез келтириш жана төрөлгөн балдарыбыздын туулган жылы тууралуу күбөлүгүн бюрократиясы жок алып бериш. Ал эми нике башка малелелер, бул назик маселелерди мен ойлом өзүнчө бир мыйзам менен караш керек. Биздин концепцияга дал келбейт”,-деп жооп кайтарды .

Депутат Рада Туманбаева өкмөттөн ушул көтөрүлгөн маселени карап чыгууну сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости