www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызматтан айдалган вице-премьер - министр Жеңиш Разаковдун артынан чуулгандуу кептер илешип келди. Акыры өз ишин эптей албаган жетекчи катары тагдыры чечилди..

Жеңиш Разаковдун тарыхына көз чаптырсак, жарытылуу иши менен эмес чабал кадамдары менен элдин кыжырын келтириптир. Кайрадан суроолор жаралууда. Алсак Жеңиш Разаковдун дарегине "Тажикстандын тыңчысы" деген кеп жөн жерден чыкты беле? Илээшип келгенин кантебиз? Ал гана эмес, Баткен УВДсынын ОУР башчысы болуп туруп, жетекчиликке билдирбестен Тажикстанга барып, ал жакта үч күн кармалганын өзү моюндап жазган түшүнүк катын кантебиз? Башта ал катты мойнуна албай "фейк" деп келген эле. Кийин өзү жазганын мойнуна алган видеолор тарады. Негизи эмгек кодекси боюнча мамлекеттик кызматкер себепсиз үч саат жумушка келбесе, чара көрүлөт. Ал эми Жеңиш Разаков милицияда жетекчилик кызматты аркалаган "секрет носитель" болуп туруп, үч күн уруксатсыз кетип, ал жакта эмне кылып жүрдү? Бул суроого эмнеге так жооп бербейт? Жөн жүрбөй ал жактын күч түзүмдөрүнө колго түшкөнбү? Үч күн ичинде кандай сөздөр, убадалар орун алышы мүмкүн? 

Жеңиш Разаков чек ара маселеси козголгондо эле өзүн ыңгайсыз сезип, эмне кылышты билбей калабы? Алсак, ал Баткенде губернатор болуп турган учурда чек арада чыр чыкканда больничный алып, чек арага барбай койгону айтылып келет. Кийин күч түзүмдөрүн тейлеген вице-премьер-министр болуп туруп, өлкөнүн кызыкчылыгын татыктуу коргой албай койду. Качан көрбө, эки тараптуу жыйындарда башын жерге салып олтуруп келди. Анысы аз келгенсип, чек арада чыр чыкканда Баткенге барып эл менен болгондун ордуна, аскер бөлүгүнө качып кирип кеткени кандай? Мындай учурлар бир нече ирет болгонбу? 

Бир курдай Баткен аймагында чыр болуп атканда, Разаков чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевге "аскерлерди тарт" деп буйрук берсе, ал аскерлерди тарпасын, элди коргой турганын айтып мат кылганбы? Аргасы куруган Разаков баш ийбей койгонуна чычалап кайра аскер бөлүгүнө кире качканы чынбы? Анысы аз келгенсип Разаковду кайра эле Кой-Таш окуясын тейлеген өтө жоопту комиссияга төрага кылып коюшкан. Айрым маалыматтарда комиссиянын төрагасы катары бир тараптуу карап, жасалма тыянак чыгарганы ачыкталабы?

Акыркы мезгилде Разаковдун ар кандай суу жүрөктүк кадамдары Баткен элинин кыжырына тийип, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган митингдер да орун алды. Акыры "эт эмес же чел эмес", илең-салаң жетекчини иштен кетиришти. Эми анын күмөндүү иштерин текшерип, кызматтык иликтөө жүргүзүп койсо ашыкча болбойт эле... Биз жогоруда коңгуроо кылгандай, бул эргулга суроолор да көп болуп атпайбы, жооп бербейби?

Бекбол Айдаров

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости