www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2020-жылдын 12-февралында, Туруктуу мал-чарбаны өнүктүрүү боюнча глобалдык күн тартибинин алкагында, министрликтердин, илимий изилдөө институттарынын, жарандык коом уюмдарынын жана мал-чарба жаатындагы жеке сектордун өкүлдөрү Кой-Таш айылында (Бишкек) чогулушту. Бул тууралуу маалыматты Рахат Садырбекова билдирди.

Эки күндүк жолугушуу алкагында, климаттын өзгөрүшүнө туруктуу жана төмөн денгээлде көмүртектүү малды өндүрүүдөгү саясаттын артыкчылыктары жана техникалык жолдору талкууланды.

Кыргызстан, Тажикистан жана Өзбекстандагы кызыктар тараптар менен бирге  Рим жана Анкарадагы ФАО өкүлчүлүгүнүн адистери жана  Tuscia Университетинин окумуштуулары тарабынан учурдагы климаттын өзгөрүү шарттарынды мал чарбачылары туш болгон кыйынчылыктарды чечүүнун ар кандай жолдору каралды.

Андан сырткары, өзүбүздүн өлкөбүздө төмөн денгээлде чыгындыларды бөлүп чыгарган  эт, сүт, жүн өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү кылдааттык менен талкууланды.

Үч өлкө катышкан иш-чара – ФАО адистери жана 2 университеттин окумуштуулары тарабынан маалымат, саясаттарды жана жер-жердеги тажрыйбаларды изилдөө боюнча жети айлык аракеттердин жыйынтыгын ортого чыгаруу аземи деп айтса болот. Бул жыйындан мурун,  кызыктар өлкөлөр тарабынан үч улуттук семинар өткөрүлгөн. Семинар 2019 жылдын сентябрь- октябрь айларынын арасында өткөрүлүп, анда катышуучулар чогултулган маалыматттын анализинин сапатына баа берүү менен бирге, долбоордун натыйжалары боюнча  күтүүлөрдү  калыптоого жардам беришти. 

ФАОнун Борбор Азия боюнча Суб-региналдык өкүлчүлүгунүн климат жана мал-чарба боюнча адистеринин жалпы жетекчилигин алкагында, Борбордук Азия Университети төмөн денгээлде көмүртектүү малды өндүрүү, жайыттарды башкаруу жана ага байланыштуу максаттуу өлкөлөрдөгү климаттын өзгөрүшү жаатындагы саясат жана тажрыйбалар тууралуу маалыматтарды чогултуп, анализдеп, биз менен бөлүшүштү.

Андан соң, бул маалыматтар менен дүйнөлүк парник газдарынын чыгымдарын баалоо үчүн ГИСтин жардамы менен ишке ашырылган.  Бул өз кезегинде, GLEAM (Дүйнөлүк мал чарбачылыгына экологиялык  баа берүү модели) деп аталган жашоо  мөөнөтүн баалоо процессин алкагында био-физикалык жараяндарды жана мал-чарбасындагы кошумча чынжырчаларды түзүү иш-чараларын келип чыгышын камсыздайт.

Улуттук саясатты талдоо жана GLEAM баа берүү системасынын негизинде, Tuscia Университетинин окумуштуулары тарабынан мал чарба секторунда климаттка зыян келтирбеген тажрыйбаларды иштеп чыгуу жана  жаңы саясаттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыккан.

ФАОнун  адистери  жана жогоруда айтылган эки университет тарабынан жургүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы кызыккан тараптардын бул суроону ар тараптуу (комплекстуу) иштеп чыгууга негиз болуп, келечектеги бул суб-региндо төмөн денгээлде көмүртектүү малды өндурүү секторуна көмөктөшөт.

Кой-Таш айылында  откон иш-чара бул 3 нерсенин маанилуугунун баса белгиледи: жаныбарлардын майда өндүрүшкө туруктуулугун; салттуу экономикалык мааниге ээ экенин; өзгөчө коомдук баалуулугу жана баарынан мурда, климатка басым жасоо менен айлана-чөйрөгө тийгизген таасири аныктоосун.

Экинчи күндун жыйынтыгында,  кызыккан тараптар мал чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн экологиялык саясатты алдыга жылдыруу жана төмөн көмүртектүү ыкмалары жылдыруунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга жана эл аралык ресурстук өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу бул иш-чараларды аткарууга макулдашышты. Катышуучулар тарабынан  төрт чакан долбоор концепциялары даярдалып жана катышуучулар тарабынан колдоого алынган. Бул концепциялар болочок донорлорго карап чыгууга  сунушталат .

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости