www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Аскерге барган балдардын кызмат мөөнөтүн мен кыскарткам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“2000-жылдын башында депутат катары аскерге барган балдардын кызмат мөөнөтүн 1 жарым жылдан бир жылга, ал эми альтернативдик кызматтын үч жылдык мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартуу боюнча мыйзам жазгам. Замандын талабы ушундай, бул кыскартуу армиянын күжүрмөн сапатын жогорулатат, армияга кызмат кылган балдардын саны өсүп резервдик кадрлар көбөйөт. Ошону менен катар профессионалдуу армия түзгөнгө багыт алып, өлкөбүздү коргоого, улуттук коопсуздугубузду сактаганга жакшы шарт түзүлөт. Ата-энелер армиядан балдарын алты ай эрте тосуп алышат, альтернативдик кызматка барган балдар бир жарым жыл акча төлөөдөн кутулат, мөөнөтү да бир жарым жылга кыскарат деп түшүндүрүп, жыйынтыгы эмнеге алып келерин так айтып, долбоорду сунуш кылгам. Ошондо Аскар Акаевдин бийлиги “кара ящик” менен генералдардарды баш, “дүжүр-мүжүрлөрү” төш кылып сүйлөтүп, “бир жылда кантип жоокерлерди даярдайт”, “түшүнүгү жок экен” дешип, мени төө басты кылышкан. Ошого карабай мен да кежирленип, аларды сындап, ар бир депутатка маңызын, максатын түшүндүрүп отуруп, Акаевдин мамлекеттик машинасын жеңип, мыйзамды өткөргөм. А.Акаев окмуштуу адам катары мыйзамдын тууралыгын, замандын талабына төп келерин түшүнсө керек. Кийин колдоого алып, мыйзамга кол койгон. Мына ошол мыйзам бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Ошол учурда орустардын, казак туугандардын эксперт, билермандары дагы сынга алгандыктарына карабай, бир нече жылдан кийин, бизди кайталап бир жылдык кызмат мөөнөтүнө өтүштү. Убакыт өткөн сайын заман, аны менен кошо көз караштар дагы өзгөрөт”, - дейт экс-министр.
Булак: NazarNews.kg