www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажикстанда жарандык согуш болгондо азабын кошо тартыштык”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, жана коомдук-саясий ишмер, генерал-лейтенант Исмаил Исаков.

--“1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш болгондо Кыргызстан аябай жардам бергенбиз. Алардын азабын кошо тартып, ыйласа кошо ыйлап, муңайса кошо муңайым тарттык. Биздин жоокерлер тажик элинин бейпилдиги үчүн күнү-түнү кайтарышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын чечиминде батальондун саны боюнча 500 деп жазылганы менен биз өзүбүздүн тапшырмабызга карап 300дөн 470ке чейинки аскерден турган батальонду түзүп, аларды ар бир алты айда алмаштырып турдук. Жалпы Тажикстандын чек арасында 4500-5000дей жоокер өкмөттүн тапшырмасын так аткарып, мамлекетибизди, элибизди уят кылышкан жок. Барган офицерлердин арасынан Генералдык штабдын башчылыгына, министрлик кызматка чейин жеткендер болду.

Албетте, согушта качкындар сөзсүз болот. Болгондо дагы социалдык жардамга муктаж улгайган адамдар, аялдар, балдар. Кыргызстанга качкандар Чоң-Алай районунун Карамык айылы аркылуу 1993-жылы өтүшкөн. Качкындар келе баштаганда аларды иреттүү текшерүүдөн өткөрүп, маданият үйүнө жайгаштырып, ысык чай, тамак берчүбүз. Анан автобустарга салып МАИнин коштоосунда Ош - Баткен жолу менен Тажикстандын тынч райондоруна өздөрүнүн суранычы боюнча жиберип турганбыз”, - дейт Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости