www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы орус оппозиционери Алексей Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) жактоочусу Иван Павлов кармалды. Ал жетектеген «Команда 29» юристтер тобунун билдиргенине караганда, аны Орусиянын Коопсуздук кызматы 29-апрелде Москвадагы мейманканада кармап кеткен. Кесиптештеринин айтымында, адвокатка жашыруун маалыматты ачыкка чыгарган деген айып коюлуда.

Павловдон соң анын жубайы жана «Команда 29» юристтер тобунун IT-адиси Игорь Дорфмандын Санкт-Петербургдагы үйлөрү тинтилген.

Иван Павлов 20 жылдан бери мамлекеттик чыккынчылык, экстремизм беренелери менен айыпталгандарга адвокаттык кылып келген. Ал чыккынчылыкка айыпталган «Коммерсант», «Ведомости» гезиттеринин мурдагы журналисти Иван Сафрондун жактоочусу. Мындан сырткары, Коррупцияга каршы күрөш фондун экстремисттик уюм деп таануу боюнча иште коргоочу катары чыгып жаткан.

Ал ушул иштер боюнча Москвага жараянга катышуу үчүн келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости