www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль бийлиги Гильбоа түрмөсүнөн качып кеткен алты палестиналык туткунду издөөдө.

Соттолгондор бир нече ай бою өздөрү отурган камерадан кашык менен өтмөк казып чыгышкан.

Качкындардын арасында "Аль-Акса бригадасынын" лидери Захария Збейди бар. Ал бир нече Израиль жаранын өлтүрүүгө айыпталган. Калган бешөө – “Ислам жихады” кыймылынын мүчөсү. Алардын баары өмүр бою түрмө жазасына кесилген.

"Шин Бет" коопсуздук кызматы алар түрмөгө мыйзамсыз киргизилген мобилдик телефон аркылуу тыштагы кишилер менен байланышта болгон деп эсептейт. Өтмөктөн алыс эмес жерде туткундарды автоунаа күтүп турганы болжолдонууда.

Ушул тапта Израилде качкындарды кармоо операциясы жүрүп жатат. Бийлик алар Иорданияга өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Себеби казылган өтмөк Иордания менен чек арадан 14 чакырым аралыкта жайгашкан.

ХАМАС өкүлдөрү туткундардын качышын “чоң жеңиш” деп маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости