www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кабул аба майданынын периметрин кайтарган Американын деңиз аскерлери афгандык кишинин ооруп жаткан баласына медициналык жардам көрсөткөндөн кийин кайра беришкен. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирбиге таянуу менен РИА Новости жазды.
Prayers for the #Baby & Greetings for the brevest mother who sacrificed her baby 🙏#Kabul #TalibanDestroyingAfghanistan #Talibans #Afganisthan #TalibanTakeover #lahoreincident #lahoreinciden #YogiAdityanath #jaysomnath #MessageOfAllah https://t.co/0slN1MQ3Ts
— Nihar Ranjan (@NiharRa48923691) August 20, 2021
Белгилей кетсек, буга чейин дүйнөлүк желеде топ кишинин арасынан бирөө баласын өйдө көтөрүп берип, темир тосмонун аркы бетинде турган аскерлер аны өткөрүп, аэропорт жакка алып бараткан видео талкуу жараткан.
"Наристенин ата-энеси ал ооруп жатканын айтып жардам сураган. Өзүңөр көргөндөй, аскер баланы эңкейип туруп алган. Андан ары аэропорттун ичиндеги госпиталга жеткирген. Ал жактан медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин атасына кайтарып беришкен", — деген Кирби.
Ал аскерлердин бул аракетин "гумандуулук, боорукерлик" катары баалаган.
АКШ Кабулдагы аба майданга алты миң аскерин койгон, алар жарандарды эвакуациялоону камсыздайт.
Афганистандагы кырдаал
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. 15-сентябрда согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.
Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.
Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg