www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда милиция кызматкерлери жергиликтүү тургунду кордогон ээнбаштыкка барган. Бул тууралуу кабарды алардын зомбулугуна кабылган Азамат Исманов аттуу тургун Фейсбукта таркатты.

Анын видео кайрылуусунан Кадамжай ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Тынчтык жана дагы бир кызматкери Алихан (фамилиялары айтылган эмес) аттуу кызматкерлердин өз кызмат абалдарынан аша чаап, одоно укук бузууларга барганын түшүнүүгө болот.

Жабырлануучу ага зомбулук жасаган укук коргоо кызматкерлеринин бири Алихан Кадамжай ИИБнин начальнигинин жакын тууганы экендигин белгилеген. Алар Азамат Исмановдун автоунаасынын техпаспортун тартып алышып, кайра бербей коюшкан жана орой түрдө сөгүнүп, коркуткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости