www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр боюнча өкмөттөгүлөрдүн ойлору дагы түшүнүктөрү дагы жок экен. Бул тууралуу жарандык активист Нарис Калчаев NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 3-мартта билдирди.
--“Жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар болуп Кумтөр боюнча өкмөткө кайрылганбыз. Бирок, аябай убара кылып, бир канча күн өткөндө араң кабыл алышты. Кирип өзүбүздүн пикирлерибизди ачык айттык. Тилекке каршы бул маселе боюнча өкмөттөгүлөрдүн ойлору дагы түшүнүктөрү дагы жок экен. Бул бизди аябай өкүндүрдү. Кумтөр мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы, көптөн бери көтөрүлүп, чечилбей келген чоң көйгөйү да. Анан мамлекеттин жогорку баскычындагы адамдар жакшы түшүнбөй жатса ичиң ачышат экен. Өкмөттөгү ошол тармак боюнчна адис келди. Биз суроо берип, кайсы мыйзамдын негизинде жүрүп жатат десек, эч нерсе билбейт экен. Керек болсо кагаздарын көрсөтө алган жок. Биздин аларга кирип айтканыбыздан эч кандай деле майнап чыккан жок. Ушундай мамлекеттик кызматкерлердин кайдыгерлик масилесинен сырттан келгендер өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышатда. Ушулардын айынан өлкө артка кетип жатат”, - дейт активист.
Булак: NazarNews.kg