www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Каниет Жыргалбеков маркум Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө создугуп жатканын, укук коргоо органдары кашаң аракеттенип жатышканын билдирди. Интернеттеги баракчасына жазган постунда Каниет тергөөдөгү кайдыгерлик анын чыдамын түгөтүп бүткөнүн айтат.

“Улан Эгизбаевдин иши боюнча видео экспертиза калды эле. Унчукпайын дегем унчугууга туура келди! Чыдамдын да чеги болот! Эртең Улан досумдун кыркылыгы. 40 күн өттү, бир жылыш жок! Корксо да, коркпосо да коён өлөт. Коркуп үн катпай калганча, чындыкты айтканым айткан! Улан силер деп, эл деп жүрүп өлгөнүн же унуттуңарбы!?

Бүгүн ИИМге чалдым, алар ишти дагы эле Ысык-Көл району карап жатат дешти! Район райондун деңгээлинде шаар шаардын деңгээлинде карайт! Элестеткиле эми, экспертиза Бишкекте Бөкөнбаев-Тыныстанов көчөлөрүндө, тергөөчүлөр Ысык-Көлдө, ушундай да болобу? Моргго да улам барып, сайгылап атып жыйынтык чыгарткам! Видео экспертиза боюнча такып сурасам “Ысык-Көл карайт” деди, “номерин бергиле” десем, “азыр бош эмесмин, эртең” деди. Ысык-Көлдүн прокурору Улукбек мырзага чыктым, ал “бул ишти биздин тергөө бөлүмү карап жатат” деди. Улукбектен тергөө бөлүмүнүн башчысынын номерин алып чалдым, “экспертиза чыкчу жер каякта?” десем “Тыныстан-Тыныстан...” деп такалганда өзүм айттым “Тыныстанов-Бөкөнбаев” деп, “эмне болду, иш качан?” десем “берки тергөөчү карайт” дейт, “анын үстүнөн караган сизби?” десем “кишилер бар эле, бош эмесмин” деген баягы шылтоо менен өчүрө салды.

Улан боюнча реалдуу эч иш каралган жок! Улан унутулуп баратат! Же Президент, Премьер, ИИМ, УКМК бир ооз ачтыбы? Алар ачпайт, мен ооз ачам, себеби мен түбөлүккө досу жок калдым! Буларга акча берип эле ишти каратыш керек болуп калды. Башка арга жок, качан чалсам иликтеп атабыз дейт. “Эмнени, кимди?” десең жооп бере алышпайт. “Кандай иштер болду буга чейин?” десең жооп бере алышпайт. Анан да чалганда “сен кимсиң?” деп ар жолу такып атып фамилиямды каттап калышса ичиң күйөт да. Же булар ат каттаганды эле билеби? Уланды биринчи куткарып жардам көрсөткөн баладан бир милиция чалып же барып түшүнүк албапсыңар, ата-энесине барып айтыптыр. Силер адамды нерв кылып, көп адамдын убалына калат экенсиңер! Таң атканда баш көтөрүп “кой, бүгүн мен Улан Эгизбаевдин ишин карайм” деген бир жан жок, моюнга алгыла! Акчасын десеңер беребиз, эркекче эле, эркекче жолу менен! Ишти карап берсеңер жетет!

Улан досум жөнүндөгү иликтөөдөгү видеолорду 5-каналга өткөрүп бердик. Учурда акыйкат жана ачык көрсөтүп жаткан Эрнис Кыязов жетектеген 5-канал, ошол себептен ушул каналга бердик. Башка телеканалдарга салыштармалуу Улан жөнүндө тез-тез маалымат берип, Эрнис Кыязов өзү айылына чейин барып, съёмка да кылып келди. Биз камерадан качкан медайымдан алган, моргдун директорунун орун басарынан алган сыяктуу жашыруун тарткан видеолор чыгат. 1-сентябрь күнү 21:40та көрүңүздөр... Бирок, Улан боюнча иликтөө токтобойт, дагы да улантабыз!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости