www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-августта социалдык тармактарга түн ичинде бир нече жаш балдар Кара-Балта шаарынын маданият үйүнүн аймагына белгисиз күйүүчү заттарды ыргытышып, өрт койгон видео жарыяланган.

Аталган факт Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын NazarNews маалымат агенттигине Чүй ОИИБинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул акцияга катышкандардын бардыгы такталып, алар Жайыл районунун Новониколаевка айылынын тургундары болуп чыкты.

Алардын баары аталган райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, окуянын чоо-жайы боюнча суракка алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык адамдарга тиешелүү административдик чаралар көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости