www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу, каракчылык жана майнинг-фермасы аркылуу мүлктүк зыян келтирген деп шектелген кылмыштуу топ кармалды.

25-августта Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө шаардын тургуну кайрылган. Анын айтымында, Нурдин (аты өзгөртүлдү) 2018-жылдан бери Кожомкул көчөсүндөгү жеке үйүн 1600 долларга ижарага алып келген. Бирок, 400 доллар акчаны төлөбөстөн, Нурдин ал жерден көчүп кеткен. Бул жерге келген үйдүн ээлери дубалдар тешилип, эмеректер сынып, сыналгы, сүрөттөр, теннис столу жана килемдер жок экенин көрүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталууда.

Бул факты Жазык кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (Алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Нарын облусуна барышкан, ал жерден «Т.», «И.», «А» жана «А» тарабынан Кожомкул көчөсүндөгү үйгө каракчылык кол салуу жасалгандыгы тууралуу белгилүү болгон.

Бул факт дагы Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери жана Нарын шаарындагы кесиптештери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган К.А., 2001-жылы туулган И.И., 1999-жылы туулган Б.Т., 1998-жылы туулган Б.Т. жана 1999-жылы туулган Т.Д. кармалды.

Мындан сырткары, кармалгандардын унааларын текшерүү учурунда милиция кызматкерлери номерлери өчүрүлгөн Калашников автоматын (АК-74) жана желим, жыгач туткалуу бычактарды табышкан. Ошондой эле, шектүүлөрдүн Нарындын Кара-Чий айылынагы үйлөрүнөн:

- майнинг-ферма үчүн 135 аппарат ;

- вай-фай интернети үчүн 2 роутер;

- 6 хаб;

- 56 электр узартуу зымдары;

- сары капталган кабелдер;

- кара интернет кабелин табышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости