www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кирүүчү эшигин ширетип салышты. Анткени ал жакта коронавирус аныкталган жаран жашачу экен", - деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз катчысы NazarNews агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген эмес. Ал жакта жөн гана эскирип калган эшикке оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

На изображении может находиться: на улице

“Көп кабатту үйдүн эшиги эч кандай кулпуланып, жабылган жок. Тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Үйдүн жашоочулары эркин эле эшикке кирип, чыгып жатышат. Бирок, эшиктин алдында күзөтчүлөр турат”-деп шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирди.

На изображении может находиться: на улице

Белгилей кетсек, күбө тартып алган видеодо түн ичинде көп кабаттуу үйдүн эшигинин алдында бир нече адам жүргөнүн көрүүгө болот. Кадр сыртындагы аял кишинин "үйдүн жашоочулары баары эле үйүндөбү? Балким, кире электер бар", - деген сөздөрүн угууга болот.

Андан соң ал бирөөгө чалып, "силердин подьездди да ширетип баштады, силер качан келесиңер? " деп кайрылган.

Нет описания фото.

Ошондой эле, аталган шаардын Тельман менен Кварцов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдор жабылып, транспорт толугу менен токтогон.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости