www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада үйдүн тургундары коронавируска каршы тополоң деп атап, ызы-чуу салган көчө кечесин өткөрүштү. Акция Түштүк Бутоводогу турак жай комплексинин короосунда өттү. Түнкү дискотекадагы видео Твиттер социалдык тармагына жарыяланган.

Видеотасмада көрүнүп тургандай, ондогон адамдар көчөгө чыгып, бийлеп, ырдап, "Токто, коронавирус!" деген ураандарды кыйкырышты.. Катуу музыка угулат. Көпчүлүк экрандары күйүп турган смартфондорду желбиретип жатышат. Жанында “козголоңчулардын” унаалары музыкалык шаймандары менен турушат.
Кечени баары эле жактырган жок. Тургундардын бири полиция чакырган. Бирок, жаркылдаган жарыктары менен "баскан" унаага келгендер көңүл ачууну токтото алышкан жок. Алар кыйкырышып, эмне болуп жаткандыгын тасмага түшүрүүнү улантышты.

Күбөлөрдүн айтымында, кече биринчи жолу болуп жаткан жок.

 "Бир нече күндөн бери ... DJ Олег дискотекаларды уюштурат. Бий аянтчасы ар дайым элге толуп турат, каалагандардын аягы жок ,-”деп социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыкты.

Ошондой эле, комментаторлор бул иш-аракет вируска каршы “көтөрүлүш” деп айтууга болот жана адамдар обочолонуудан чарчашат деп белгилешет.

"Азаматсың!" - алар акцияны уюштуруучулардын аракеттерин жактырышат.

Ошону менен катар, "мындай жийиркеничтерден улам өзүн-өзү изоляциялоо узак убакытка созулат" деп ишенгендер жана "бардыгын катуу жазалоо керек",-деп карантинди бузгандарды жазалаш керек дегендер да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости