www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте “Караван” соода борборунун ижарачылары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, митингге чыгышты. Алар өлкө башчысын жумуш ордуларынан ажыратпоону жана аны сактап калууну суранып жатышат.

Катышуучулардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Караван” соода борборун саттыкка койгон. Митингге чыккандар “Караван” соода борборун аукциондон алып салууну суранышууда.

“Белгилүү болгондой “Караван” мурун Нариман Түлеевге тиешелүү болчу, бутиктерди ижарага алы үчүн укукту андан сатып алганбыз. Биз 3 доллардан депозит төлөгөнбүз. Биз эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк. Төңкөрүштөн кийин өзүбүздүн акчабызга оңдогонбуз. Дүкөндөргө жабдыктарды өзүбүздүн акчабызга алганбыз”,-деп соода борборунун ижарачысы Алима Сулейманова айткан.

Анын айтымында, ижарачылар өз убагында ижаранын акысын төлөшөт жана жылына мамлекеттик бюджетке 74 миллион сом түшөт.

“Соода борбору менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2019-жылдын май айында бүткөн. Ошондон бери келишим кайра түзүлгөн жана узартылган эмес. Бирок, ошого карабастан биз мурункудай эле өз убагында акча төлөйбүз”,-дейт Эльмира Назарбекова.

Эске сала кетсек, “Караван” соода борбору шаардын мурунку мэри Нариман Түлеевден соттун чечими менен конфискацияланган. Ал 2017-жылы мамлекеттин менчигине өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости