www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн улгайган адамдардын эл аралык күнү. Ал 1990-жылы Бириккен улуттар уюмунун ассамблеясында кабыл алынган. Бул датага утурлай бүгүн Бишкек шаарында кайрымдуу адамдар чогулуп, жардамга муктаж энелерди куттуктап, кичине болсо дагы турмуштун оорчулугун тең бөлүшүү аракеттерин көрүштү.
Үмүткан Абдыкеримова биринчи топтун майыбы. Ал мындан 20 жыл мурда ремотоид-артритине кабылып, ошол күндөн бери өз алдынча кыймылдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Анысы аз келгенсип, эки кызын жалгыз бой өстүрүп, турмуштун оор күндөрүн далай эле башынан кечирген. Учурда 3 баланын тайэнеси, майыптыгы боюнча 5800 сом өлчөмүндөгү пенсия алат. Анысы дагы ичкен тамактарынан ашпайт. Батирден-батир которуп жүрүп, туруктуу иши болбогондон улам, “кайрымдуу бол!” фондуна жардам сурап көрүүнү туура көргөн. Эми андагылар, Үмуткан эжеге Ош базарынын ичинен соода-сатык кылчу дүкөн ачып берип, ичин товарга дагы толтуруп берип отурушат. Мындан ары ал өз арабасын өзү түртүп, кайрымдуу адамдардын кылган жакшылыгы аркасында өзү менен бирге кыздары дагы жумуш менен камсыз болуп отурат.
Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата атайын удаа уюштурулган иш-чаранын негизги эле максаты, мамлекеттин көз жаздымында калган кары-картаң, жардамга муктаж адамдарга кам көрүү болуп саналат. Себеби, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн эске алганда, ар бир эле социалдык жактан муктаж адамга жардам бере-берүү өз убагында боло бербейт экен дейт мындагы демөөрчүлөрдүн бири Атыргүл Кыдыралиева.
Жумагүл Куттубаева дагы кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж адамдардан. Ал 5 уулдунэнеси. Пенсиясы 4 жарым миң сомду гана түзөт. Ал болсо батирдин ижара акысын төлөгөнгө эле жетет. Беш уулунун үчөө суроорулуу. Эн туң уулу төрт жылдан бери боордун циррозуна кабылып, учурда жашоо үчүн күрөшүп жаткан учурлары. Оорукчан уулу дартына байланыштуу ооруканаларга бат-баттан каттап туруусу зарыл. Бул көйгөйдү чечүү үчүн демөөрчүлөр Жумагүл эненин үй-бүлөсүнө унаа белекке берип, эми ооруканага барып келүү жеңилдеп, уулдарынын бири кардар ташып, үй-бүлөнү багып кететдеген үмүттө.
Өлкө тарабынан мамлекеттин өтө маанилүү социалдык милдети булл карыларга кам көрүү болуп эсептелет. Тилекке каршы, көп учурда улгайган адамдар мамлекет тарабынан жетиштүү түрдө камкордукка алынбай келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Айтсак, бүгүнкү эки каарманыбыздын тең эң эле көкөйгө жете турчу маселеси бул, социалдык, медициналык жактан төмөн же болбосо такыр эле камсыз болушпаганында. Биринин пенсиясы тамак-ашынан ашпаса, экинчисиники батиринин ижара акысынан артпайт. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, дал ошол пенсиялардын өлчөмүнүн которулушу, өлкөнүн улгайган жарандарына социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Ошондой эле, президент улгайган адамдардын эл аралык күнү менен ата-энелерди, пенсионер-ардагерлерди куттуктап өттү.
Булак: NazarNews.kg